Жалал-Абад облусунда 2 күндүк рейдде 26 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-8-март күндөрү Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү рейд өткөргөн. "Текшерүү учурунда жол эрежесин бузган 558 айдоочуга административдик протоколдор толтурулган. Анын 26сы мас абалында унаасын башкарса, 174ү катуу ылдамдыкта айдаган. Дагы 10у жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кетсе, 56сы унаасын туура эмес токтоткон. Калган 292си ар кандай майда эрежелерди бузган, айып аянтчасына 39 унаа токтотулган", - дейт Сатыбалдиев.