Белгилүү футболчу Неймар Барселонанын жетекчилигине клубга кайтып келүүнү каалагандыгын билдиргенин каталониялык спорт маалыматынын негизги булагы болуп эсептелген "Mundo Deportivo" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган басылма бразилиялык футболчу Париждин клубуна өткөнүнө өкүнгөндүгүн, 2019-жылы каталониялык команданын катарына кайткысы келгенин билдиргенин, ошондой эле Неймар Мессинин көлөкөсүнөн чыккысы келген көктүгүн моюндап, Франциянын чемпионаты “Лига 1” Испаниянын биринчилигинен алсыз экенин, акчага кызыгып “ПСЖга” өтүп кеткенин айткандыгын жазган. Бирок футболчу мындай сөздөрдү чынында эле айткан же айтпагандыгы тууралуу билдирүү тараткан эмес.
Неймар "Лига 1де" “ПСЖ” үчүн 20 беттеш өткөрүп, 20 гол киргизип, 16 голдук топ ашырып берген.