ТИМ: "Түркияда мейманканадан чыккан өрттөн жаракат алгандардын бири Кыргыз жараны экени аныкталды, анын абалы оор"

Түркиянын Измир шаарындагы мейманканадан чыккан өрттөн жаракат алгандардын бири Кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Измир шаарындагы “Аликан” мейманканасында катталган өрттөн 4 адам жаракат алган. Алардын арасында М.Ж. аттуу Кыргыз жараны бар экенин элчиликке жергиликтүү укук коргоо органдарынан билдиришти. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын абалы оор", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Түркиянын Измир шаарында мейманканалардын биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алганы, алардын бири Кыргыз жараны экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2018-03-09 21:10:01
Турциянын гостиницасында эмне жумушта ишточу экен.?
-11
TazaKyrgyz
2018-03-09 21:58:49
Кырсык болуп атса бойроктон шыйрак чыгарбагылачы эн жок десе азыр айланайын туугандар!Жараат алган бир тууганым аман эсен айыгып туулган жерине кайт.
+23
Sagyndykova1998
2018-03-09 23:59:42
Оюнар дароо эле тескери кетет да,адам озу кандай болсо башканы да ошондой ойлойт.Билсен ал жакта кобунчо жумуш мейманканаларды тазалап,кафелерде иштешет эже синдилерибиз,же эмне барган кыргыздарга офистен,чон кызматтагы жумуш таап берет деп уктун беле,кичине жазаардан мурун ойлонуп суйлосонор билип билбей эле бироонун куноосун которо бербей...
+16
Sagyndykova1998
2018-03-10 00:01:01
Аллахымдын жардамы менен тезирээк айыгып кетсин мекендешибиз..
+11
bekalife
2018-03-10 20:26:48
Мейманкана десе эле жанынар чыгатта. Менин аялымда Москвада мейманканада иштейт. Бир жакшына эле иштеп журот форма кийип. Бут жагы камера строгий режимде. Буларда тиричилик кылып журушконда бечаралар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан