Бишкекте таңга жуук жаш кыздын жансыз денеси табылды

Бишкекте таңга жуук жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйдүн подъездинде аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат адегенде "Тез жардам" кызматына түшкөн. Чакыруу болгон жерге келген медицина кызматкерлери анын каза болуп калганын аныктап, денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

"Бул окуя эртең менен мен намазга турган маалда, болжол менен саат 05:30дар чамасында болду. Кийин милиция кызматкерлери да келишти. Маркум болжол менен 25 жаштарда болгон экен. Подъездеги эшиктин үстүндөгү чатырда жатканына караганда ал бийиктиктен кулаган", - деди күбө.

Азырынча маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
vavilon.
2018-03-10 11:37:01
Жайы бейиштен болсун Оомин!
+7
KRIMINAL
2018-03-10 11:53:39
vavilon., оомин!
+6
Nanei
2018-03-10 12:02:50
Кудай сактай кор
+5
beka666
2018-03-10 12:27:19
Жол кырсыгы менен олум коп болуп эмнелер эле болуп жатат Кыргызтанда
0
vavilon.
2018-03-10 12:55:46
beka666, Өлүм дайым эле болуп келген илгертен бери. Болгону мурда интернетке чыгара берчуу эмес.
+17
kaleb
2018-03-10 13:07:09
vavilon., Илгери деле жол кырсыгы көп болчу беле???
0
vavilon.
2018-03-10 13:34:27
kaleb, жол кырсыгынан башка олумдорду деле чыгарып жатпайбы асынып алды, кулап кетти ж.б Илгери суицид кылгандар жок болгон дейсинерби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан