ЭЛДИК ВИДЕО: "Измирдеги мейманканадан чыккан өрттөн качкан кыздардын 5-кабаттан кулаганы"

"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Измирдеги мейманканадан чыккан өрттөн качкан кыздардын 5-кабаттан кулаганы" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Видеодон көрүнүп тургандай жалындаган оттон кыздар качууга аракет кылып, балконго чыгышат. Бирок коңшу бөлмөлөргө өтүү кыйын экенин байкаштыбы, айтор кайра бөлмөнүн ичин көздөй жөнөшкөн. Сыягы ичкериде өрт күч алып кеткендей, кыздар кайра бат эле балконго чыгышты. От улам күч алып толук каптап баратканынан корккон кыздардын бири коопсуз жайга качам деп жатып бийиктиктен кулап кеткен. Андан кийин анын жанындагы кыз да 5-кабаттан боюн таштап, унаанын үстүнө кулаган.

Эске салсак, Измир шаарындагы “Аликан” мейманканасында өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Алардын арасында М.Ж. аттуу Кыргыз кызы бар экени да белгилүү болгон. ТИМден маалымдашкандай, учурда М.Ж.нын абалы оор.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
zevs
2018-03-10 17:09:19
kor tiriliktin ayinan meymankanada iwtep jatkan bolso kerek. jakwy bolup ketsin
+4
maks94.kb
2018-03-10 17:09:47
Кыздар каза болгон жокбу маалыматым жок экен
-3
gulzat85
2018-03-10 17:16:17
Карап тура бербей жардам беришпейби
+8
meni_kut
2018-03-10 17:30:47
gulzat85,тоспойбу 5-6 эркек
+7
gastello-1a
2018-03-10 17:53:17
аа байкуш кыргызым. Кыздарыбыздын мынтип кордолуп жургонуно биз эркектер куноолубуз.
+10
Kirajsjk
2018-03-10 19:10:43
jantalaship telefongo tartip jatiwat..kor ookattin ayinan iwtep juruwotda.Batirak sakayip ketsin mekendewibiz.
+6
jbolotov
2018-03-10 19:26:50
Бирдеме болсо эле гостиницада кор тирликтин айынан пол жууп же тазалап деген болобуз, бирок кыргыз кыздары турк мейманканаларында ото коп экенин, сойкулук кылаары жонундо толтура маалыматтар чыгып ататко.Ыймандуу кыз мейманканада тазалап де кир жууп иштебейт, андан болокда иштер бар. Балким бул Аллахтын жазасыдыр.
+1
Arlenchik
2018-03-10 19:29:01
Байкуш тезирээк сакайып кетсе экен, кыздар чет жака иш издеп чыкпайле койгулачы, ушундай ойду дайым айтып келем, кыргызстанда жумуш жок эмес бар, айлыктын коп азында эмес, берекесин бергенинде, кыздар чет жака чыгышына ото каршымын, кыздарды иштегенге эмес, эсалуу же окуш учун гана чет жака чыккандай мыйзам кабыл алыш керек, болбосо байкуш кээ бир кыргызымдын кыздары кор оокат деп талаалап журуп аркандай окуяларга туш болуп кордук коруп атышат.
+3
shergazy9
2018-03-10 19:33:47
Ушундай ачык кийинип алып иштешет бекен
+7
shergazy9
2018-03-10 19:33:55
Пол жууса
+6
Ayida
2018-03-10 22:02:09
Тируу калдыбы эми ошону жазгылада
0
admin_superstan
2018-03-12 11:47:24
Dembele84, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан