Аргентиналык футболчу Лионель Месси үчүнчү ирет уулдуу болду. Наристенин ысымын Чиро деп атады. Бул маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мессинин жубайы Антонелла Рокуццонун кош бойлуу экендиги өткөн жылдын күз мезгилинде маалым болгон. Буга чейин таттуу түгөйлөр 5 жаштагы Тьяго жана 2 жаштагы Матео аттуу балдарды тарбиялап келишкен.
Айрым маалыматтарда Месси Испанияда өтүүчү "Барселона" - "Малага" беттешине катышпай тургандыгы айтылган. "Барселонанын" чабуулчусунун ордун Йерри Мина аттуу оюнчу толуктаган.
Белгилей кетсек, Лионель Месси Испаниянын чемпиону, "Алтын топтун" 5 жолку, Испания Кубогунун 5 ирет жана Чемпиондор Лигасынын 4 жолку ээси.