Бишкекте Баяман Эркинбаевдин элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте коомдук жана саясий ишмер, балбан Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул мелдеш бел боо күрөшүнүн түптөөчүсү болгон Баяман Эркинбаевдин элесине арналат. Мелдеш чоңдор арасында болуп, балбандар 60 килограмм салмактан жогорку 6 салмактык бөлүктө күч сынашат. Кыздар арасындагы мелдештер 55 килограммдан жогорку алты салмактык бөлүктө болот.

"Мелдеш 17-март күнү Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда өтөт. Мелдешке Азия өлкөлөрүнөн жана Европанын айрым өлкөлөрүнөн балбандар келиши күтүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнүн атынан канча балбан катышары азырынча белгисиз, жер-жерлерден келген балбандарды таразага тартуу иши жүрөт, ошондон кийин гана канча балбан катышары белгилүү болот. Мелдешке 18 жаштан жогорку балбандар катыша алат", - деп билдирди агенттиктин басма сөз кызматынан.

Турнирдин алкагында эл аралык калыстар квалификациясын жогорулатуу максатында да семинарларды өткөрүү иштери каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан