Түркиянын Измир шаарындагы мейманканадан чыккан өрттөн жаракат алган М.Ж. аттуу кыргыз кызынын омурткасы сынып, ага аймактагы Тепежик илим-изилдөө госпиталында операция жасалды. Бул маалыматты Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги жазды.
Белгилей кетсек, кырсык 8-март күнү "Алижан" деген мейманканада болгон. Өрт чыккан маалда кыздардын бири балкон аркылуу коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган. Бирок колу тайып, 5-кабаттан кулап түшкөн.
Өрттөн дагы бир чет элдик кыздын жабыркаганы айтылууда. Азырынча анын жарандыгы тактала элек. Маалыматка караганда эки кыздын тең Түркияда иштөөгө уруксаты болгон эмес. Эгер полиция алардын аталган мейманканада мыйзамсыз иштегенин аныктаса, кыздар депортацияланат.
Ал эми "Алижан" мейманканасындагы өрт 506-бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөлөргө тез жайылып кеткен. Өрттүн негизги себеби катары телефон жарылып кетип, бөлмөдөгү пардалар, төшөктөр, пластик терезелер күйүп, тез эле алоолонуп кеткен. Бул маалыматты өрт чыккан бөлмөдө калган С.С. аттуу жаран билдирген. Ал нес абалында кантип секирип, сыртка чыкканын билбей калган.
Кошумчалай кетсек, аталган мейманкана 2015-жылдын 8-январында имараттын 5-кабатын дагы бөлмө кылып алган. Бирок эреже боюнча ага уруксат берилген эмес.
Учурда мейманкананын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду.