Ош облусуна караштуу Ноокат райондук прокуратурасы Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын курулуш иши боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарланды.
Маалыматка ылайык, Исанов айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилерди курууга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында айыл өкмөттүн айрым кызмат адамдары "Н.С" деп аталган ишкана менен өз ара сүйлөшүп, Байыш айылындагы бала бакчанын капиталдык курулушу боюнча аткарылбаган иштерди аткарылды деп жасалма документтерди жасашканы аныкталган.
"Натыйжада айыл өкмөтү бакчанын имаратын 2 миллион 795 миң сомго курулду деп балансына өткөрүп алган. Мындай жол менен мамлекетке 779 миң сом зыян келтирилген. Прокуратура Исанов айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине жана "Н.С." ишканасынын жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу), 221-беренеси (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы), 315-беренеси (Кызматтык жасалмалоо) менен иш козгогон. Учурда тергөө-иликтөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.