Бишкек-Ош жолундагы Токтогул районунун Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп жол убактылуу жабылды. Мындай маалыматты бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, көчкү саат 11:00гө жакын түшкөн. Көчкү болгон жерге Токтогул райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери келип, абалды көзөмөлдөөдө. Ошондой эле ДЭП-23 ишканасынын жүктөгүч унаалары тартылып, жолду тазалоо иштери башталды. Жол убактылуу жабылды.
Кырсыктан жабыркагандар жок.