5 жыл өгөй кызын зордуктап жүргөн ата 20 жылга эркиндигинен ажыратылды

Ушул жылдын 1-мартында Ош облустук соту өгөй кызын 5 жылдан бери зордуктап жүргөн атаны 20 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул туурасында SUPER.KG сайтына жабырлануучу кыздын таежеси Бужамал Шарапидинова билдирди.

1-мартта Ош облустук соту кызыбызды 5 жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атаны күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Буга чейин райондук сот аны актап чыгып койгон. Мен облустук соттун өкүмүн укканда гана чындык бар экенине ишендим. Себеби райондук соттун чыгарган чечимин укканда кайда барарымды билбей калгам. Акыр аягы өгөй ата кылган ишин моюнга алып, сот залынан камакка алынды. Учурда жабыркаган кызыбыз биздин колдо. Абалы жакшы, баласын чоңойтуп жатат. Жолдошу Орусияга кетип калгандыктан, сотко кайрылсак аны 9 айдын ичинде кайра бул жакка кайтарып келишет экен. Биз үчүн баарынан маанилүү болгону өгөй атага карата соттун чыгарган чечими болду. Мен эми чындап, күнөөлүү жазасын тарта турган заманда жашай баштаганыбызга ишенип калдым. Бизге ушул эң оор окуяда жардам берген адамдарга ыраазычылыгымды билдирем" - дейт Шарапидинова.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы аталган окуя тууралуу 1-март күнү өкүм чыкканын кылмышка шектелген Б.М. аттуу жаран 20 жылга эркинен ажыратылганын тастыктады.

Эске салсак, 2015- жылы Ноокен районундагы айылдардын биринде 16 жаштагы кыз өгөй ата тарабынан зордукталып жүргөн. Бул окуя боюнча 2017-жылы Кызыл-Кыя ШИИБи тарабына 129-берене (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары кыздын өгөй атасы кармалган. Тергөө убагында жабырлануучу кыз өгөй атанын бул кордугун 6-7 класстан баштап көрүп келе жатканын, окуяны жашыруу максатында кызды дайыма коркутуп келгени аныкталган. Бул окуя боюнча тергөө 6 айга созулуп 2017-жылдын 23-ноябрда кылмыштын курамы аныкталбагандыктан өгөй атага карата райондук соту тарабынан актоо өкүмү чыгарылган. Буга макул болбогон жабырлануучу тарап облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bazar
2018-03-11 18:38:01
Эмне бале?.. Өгөй кыздарды зордуктоо боюнча "мелдешке" чыгышканбы...
-3
raykray
2018-03-11 18:46:28
Болбогон сасык создорду кобойтуп ажырашууга жеткиргендер ойлонгула!!! Оз баланарды кантип огой энеге же атага ыраа коросунор кантип? Кудай буйругу дейсинер шайтан созуно кирип ажырашуу болот.Кудай бизди башта тен туш кылып табыштырат, аял кочодо бала белде эне жалгыз дегендерда ойлонгула аялынарда баланардын жалгыз энеси, апанардыда аялынарды тен карап сыйлап уй булоону сактап калгыла эркектер!!!
+14
yrmat88
2018-03-11 19:54:55
Оз баласын жарытпаган, огой баласын жарытпайт.
+5
nargiz94
2018-03-11 20:03:08
Таежеси мыкты экен энесине караганда
+16
Rifle_I
2018-03-11 21:01:05
Өгөй кыздын апасы доо койбосо, өгөй кызын зордуктаган зөөкүр эркиндикте кала береби ?
Же бир чара колдонулабы ? Төрөтүп койсо да, доо кое албай жатса , күйөөсү коркутуп жаткан жоку ?
+1
aman0296
2018-03-11 23:02:59
Бул бир эле окуя бы же ушундай окуядан экоо барбы?
+1
nurbekasr
2018-03-12 09:30:00
aman0296,эки үчөө бар мындай окуядан,Өзгөндө да болгон өгөй кызын зордуктоо
0
shankol88
2018-03-12 02:10:40
Бул акмакчылык жазаасын алат буйруса эркек болумуш АЛЛАХда жазаңы берет гоо...
+2
suyor
2018-03-12 03:56:58
Ноокат райондук сотко шалаакылык же коррупция мн иш козгош керек
+2
Biinura
2018-03-12 21:50:34
suyor, Ноокатпы же Ноокенби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан