Иранда учак кулап 11 адам каза болду

Иранда учак кулап 11 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак 11-мартта Ирандын Шехре-Корд шаарына жакын жерде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөр чамасында кырсыкка учураган. Учак жерге кулаган соң дароо өрттөнүп кеткен, ичинде бара жаткан 8 жүргүнчү жана 3 экипаж мүчөлөрүнүн баары каза болушкан.

Ошондой эле аталган маалыматта кырсыкка учураган учак түркиялык Хуссейн Басаран аттуу ишкерге таандык экени, ичинде анын кызы 7 курбусу менен Дубайдан Түркияга кайтып келе жатканы айтылат.

Айта кетсек, 18-февралда да Иран өлкөсүндө учак кырсыкка учурап, 66 адам каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан