ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте 8 жаштагы кыз жакындарынан кордук көрүп жүргөн" дейт окурман

Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына өзүнүн жакын адамдарынан кордук көргөн секелек кыз келип түштү. Мындай маалыматты бүгүн, 12-мартта SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, кыздын ооруканада дарыланып жатканына 2 күн болду.

"Кыз аёосуз сабалган. Колу сынган, башында да жарылган жерлер бар. Денесинин көп жери көгөргөн. Кыздын өзүнүн айтымында, аны өгөй апасы менен өз атасы сабаган", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
sna_kg
2018-03-12 09:27:37
Атасында огой апасында камасын
+8
momun74
2018-03-12 09:28:35
кантип колу барды жаш баланы урганга акмактар
0
brit
2018-03-12 09:57:41
Ииии кудай ай, журогум ооруп кетти, башка эч жамандык корбой чонойсон экен.
+1
sher.
2018-03-12 10:30:54
Адамдар мынча мыкаачы болуп баратасынар?! Заман онугуп, жашоо женилдеген сайын адамдардын бири-бирине деген мээрим жоголуп баратат. Айбанга тенейин десен айбан да баласына андай мамиле кылбайт...эмне дешти да билбейсин.
+3
Sezy
2018-03-12 11:32:44
Колун сынгыр айбан. Байкуш десе, кудай ушул кыздын багын ача кор.
+5
States
2018-03-12 13:44:43
Ушул кызды кантип багып алса болот
+4
Istina1000
2018-03-12 14:17:23
Ангырап айкырган эшек да мындай кылбайт. Ылайым бала зар болуп калгырлар
0
gul.1995
2018-03-12 14:24:18
Ургандын колу сынып калсын ылайым((((
+3
kansuluu
2018-03-12 14:39:42
Аябай окунучтуу!Улуу кыргыз элинин уюткулуу урпактары,уй-булобузду сактап,балдарыбызды бироолорго кор кылбай,алладан берген белек деп аздектейли!Урматтуу оз аталар,сиздердин да журогунуздорго кыпынбай боорукерлик берсин аллахым!Жашоо ушунчалык аз,ошол аз жашоонун ширесин татуудан адашкан кор пенделерге наалат!
+1
Drongo
2018-03-12 15:27:26
Урматтуу СуперИнфо,кыздын кийинки жашоосу,тагдыры кандай болгону тууралу бат-баттан кабар алып турсаныздар.Сиздерден сураныч.
+2
Gulnyr19
2018-03-12 20:06:11
Аллах жазаңарды берсин оомийн. Башка сөз жок
+1
Nurgul_35
2018-03-12 23:20:59
Багып алам дегендерге берсе жакшы болмок. Бактылуу балалыкты башынан өткөрсө экен. Кудайым өзүң жардам бер.
0
Senator
2018-03-13 01:30:10
Инша Аллах созсуз алышат жазаасын, гуноо эч качан унутулбайт; кызга ден соолук калган омурун жыргап откорушун каалайт элем.
0
UmsunaiTem
2018-03-13 04:46:10
Огой апасын жана атасын жазага тартыш керек. Камаш керек. Башкаларга да сабак болсун!
0
UmsunaiTem
2018-03-13 04:47:54
Таш боор зоокур аял. Ушунчалык да болобу? Журогу булганычка толгон огой эне.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан