Өзбекстанда жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмүнө шектелип 17 жаштагы студент кыз кармалды

Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун Кизирик районунда ымыркайды өлтүрүүгө шектүү катары 17 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ымыркайдын жансыз денеси 7-март күнү аймактагы балык чарбаларына тиешелүү көлмөнүн жээгинен табылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 17 жаштагы педагогикалык колледждин студенти колго түшүрүлгөн.

Ошол аймактагы активисттердин бири, студент кыз өз алдынча төрөгөн соң ымыркайын тумчуктуруп өлтүрүп, көлмөнүн жээгине алып барып таштап койгонун айткан. Ошондой эле кыздын атасы учурда Орусияда эмгектенерин, кыз эркин өсүп, өз билгенин жасап калганын билдирген.

Бул үрөй учурган окуядан кийин жергиликтүү бийлик Кизирик районундагы колледждердин бардык студент кыздарын гинекологго көрүнүүгө жөнөтүүдө.

Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
States
2018-03-12 10:21:15
Европада кыздыгы жок эле жакшынакай журушот баласын олтуруп салбай же боюнда болуп калбай . Алар грамотно жатышат а средний азияда жатканды да билишпейт карасан эле боюнда бар
-9
boston___
2018-03-12 11:33:21
States,тууганым сен бизди ошол европана салыштырбай эле койчу
+5
States
2018-03-12 12:03:50
boston___ биз Европада жаманбыз
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан