Чүй облусунун Сокулук районунда катуу шамал жүрүп, мектептин спорт залынын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 07:30дар чамасында Сокулук районунун Асылбаш айылында ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен катуу шамал катталган. Ал шамалдын кесепетинен Биримкул атындагы орто мектебинин спорт залынын 40 чарчы метр чатырын аңтарып салган. Эч ким жаракат алган эмес.