Бишкекте жаштар арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш башталды

Бүгүн, 14-июнда Бишкекте “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун Кубогу үчүн футбол боюнча “Достук Кубогу" аттуу эл аралык мелдеш башталды. Спорттук иш-чарага “Дордой” (Бишкек), “Алай” (Ош), Казакстандын “Шымкент”, “Тараз” жана “Талды-Кургандын” жаш футболчулардан куралган командалар катышып жатат. Алгачкы оюнда “Шымкент” - “Тараз” командалары беттешип, 0:5 эсебинде "Тараз" командасынын жеңиши менен аяктады. Учурда “Дордой” - “Талды-Курган” командалары беттешип жатат. Мелдеш 19-июнда соңуна чыкмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан