Өлкөдө бир жуманын ичинде 334 айдоочу мас абалында кармалды

Акыркы бир жуманын ичинде 334 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку бир жума ичинде административдик жоопкерчиликке 23 миң 567 айдоочу тартылган. Анын 334ү мас абалында унаа башкарып кармалган.

Жогорку ылдамдыкта башкарган 3 миң 337, тийиштүү документтери жок 477, жол белгилерин сактабаган 4 миң 448, коопсуздук курун такпаган 5034 айдоочуга административдик протоколдор толтурулган. Андан тышкары 1 миң 134 унаа айып аянтчасына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана жолдо жүргөндө сак болууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aiman0303
2018-03-12 10:50:50
Ар жума мас айдочулар кармалат, бир чара корулобу буларга? Жумадан жумага саны кобойуп барат, жазасы женил окшойт.Болбосо кичине тыйылмакта. Бизде таанышы акчасы жокторго эле мыйзам иштейт.
0
pat12
2018-03-12 10:56:50
Мастан жинди качып кутулуптур. Масты коруп жинди эсине келет.
0
gitaris93
2018-03-12 14:05:40
50 мин штраф салгыла вод правасын 5 жылга кесип салгыла анан ичпей айдашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан