Бишкек ШИИББи: "Таңга жуук көп кабаттуу үйдөн кулаган кыз акыркы убакта кыйналып, жашагысы келбей жүргөн"

Көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган кыздын акыркы кездерде жашагысы келбей жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"10-март күнү саат 05:30 чамасында Манас проспектисиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 20-25 жаштагы кыз боюн таштап жибергени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барганда 1991-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран 8-кабаттан өзүн таштап жибергени белгилүү болгон. Туугандарынын айтымында, ал кыздын акыркы мезгилдерде жашагысы келбей, кыйналып жүргөн. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 10-март күнү таңга жуук Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн подъездинде аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат адегенде "Тез жардам" кызматына түшкөн. Чакыруу болгон жерге келген медицина кызматкерлери анын каза болуп калганын аныктап, денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

1 аптада 2 кыздын өлүмү: Кыздардын өз жанын кыюусуна интимдик кызмат себеппи?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nevestkaa
2018-03-12 11:22:08
Азыр баарыбыз эле кыйналып жашайбыз эч кимди көрбөдүм жыргап жашаган ар бир башта проблема бар.Ырчылардан башкасы дегеним
+20
tursunbaev78
2018-03-12 16:20:21
Nevestkaa,ырчылардын деле проблемасы толтурада алар деле жыргап кеткен жок
+1
Mirlan27011987
2018-03-12 12:08:17
Олгондун жазасы - комгон. Олгон озунун шору.
+4
Zainidin96
2018-03-12 12:23:38
Жайы жаннаттан болсун
+3
Aman-moskva
2018-03-13 00:01:31
Атын фоия сын толук жазыш керек көзүн да тоспой
0
Zaina333
2018-03-13 15:01:19
Синий кит эске тушот танга жуук десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан