Бишкек ШИИББи: "Денесине 30 жолу бычак сайылган аялдын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалды. Чыр кызганычтан чыккан"

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын өлүмүнө шектүү катары 30 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган У.К. аттуу жаран кармалган. Анын бул ишке күйөөсүн кызгануудан улам барганы белгилүү болгон.

"15-февраль күнү саат 08:30 чамасында милицияга Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында белгисиз аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу кырсык болгон жерге барганда денесинин 30дан ашык жерине бычак сайылып каза болгон аялдын денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон аял 1983-жылы туулган А.З. экени белгилүү болгон. Бул иш боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган У.К. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Кармалган жаран бул ишке күйөөсүн кызгануудан улам барганын айтты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кармалган жаран тергөө-иликтөө иштери бүткөнгө чейин убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 15-февраль күнү саат 08:30да "102" кызматына Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барганда болжол менен 25-30 жаштардагы денесине оор залал келтирүү менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
MAB88
2018-03-12 11:37:42
Таза журуш керек да ошо учун. Биооонун эрин талашып, семьясын бузбай.
+9
jarkyn_jakta_jasha
2018-03-12 11:44:23
MAB88,эр бермек жан бермек
+8
ZANIA-92
2018-03-12 11:43:53
Ошондо 35жаштагы аял 25-30жаштардай корунсо,демек жасанып тузонуп,сулуу корунуп бироонун эрин тартып алмакчы турбайбы а,же ужеле тартып алгандыр. Жонжурбогондорго ошондой олум туш келерин башкаларда билсин.
-2
daniel87
2018-03-13 23:33:50
ZANIA-92,уйдон жылуулук ,суйуу ,мээрим таппаган эркек гана!талаадан ошол нерселерди издейт!
-6
Dalil
2018-03-12 12:20:41
Ошол кылмышка түрткөн күйөөсү, эгер маркум менен ойноштук кылган болсо ал да жооп бериши керек. Кылмыш жаза кодексинде ойноштукка жаза барбы? Эгер болбосо ошондой берене киргизүү керек. Көптөгөн балдардын жарым жетим калуусуна, үй-бүлөнүн бузулушуна, кызганычтын айынан кылмыш кылуусуна себеп болгон никесиз ойноштук, жазаланбай калбаш керек. Зынаа бул исламда эң чоң күнөөлөрдүн бири. Анын кесепети чоң, бирок көз жаздымда калганы өкүндүрөт.
+16
daniel87
2018-03-13 23:32:31
Dalil,куйоосу жинди болсо жинди болуш керекби?эмнеге куйоосун кызганып эле олтуро берсе болобу?эмнеге эркектер уй булоосу бар туруп ойнош кутот деп ойлойсуз?уй булоодогу жаралып жаткан проблемалдардан (мисалы ойнош ойноп Уйдогу чатактардан) кантип чыкса болот деп ойлойсуз?Адам озунун тагдырына балта чаппаш учун кандай ыкмаларды колдонсо болот дер ойлойсуз ?рахмат сизге алдын ала
-1
Brokg89
2018-03-12 13:13:55
Туура Куйоосун дагы жазалаш керек!!!
+3
Ayida
2018-03-12 13:21:43
Ошол учун зына кылбагыла
+5
raykray
2018-03-12 14:53:07
Акмак адамдар соонун жашоосу турса алга эмес артка жылган?! Кочодо калгандар-толтура катын болупда жарытпайт алар журсо бойдоктор мн журбойбу. Аялы барга асылбай!!! Эси жок эркектерда толтура ар намыс,эркектигин унуткан!!!
+6
daniel87
2018-03-13 23:21:39
Коммент калтырган айымдар кызганычтан эле олтуро берсе боло береби?эмнеге куйоолорунуз сиздерге эмне менчикби?албетте козго чоп салуу бул туура эмес колдобойм!бирок эркектерге да кыздарга да айтаарым жашоо бир келет!болду башка берилбейт!жашап кетиш колдон келбейби?козун жетип турабы?аракет кылдын болбодубу эки жакка маданиятту турдо ажырап оз бактысын табыш керек эркекда ,кызда!баардык адамзат озун биринчи орунга койуп жашаш керек!денсоолукту,омурду,сулуулукту эч Ким сага бербейт!бербегенда!
-2
Boldukan86
2018-03-14 00:45:21
daniel87, кайдан билесин куйоосу кандай адам аялы кандай адам. Башкача айтканда аялы начар болгондон ойноп кеттиби же куйоосу ойноок болгондонбу же себепчи болуп олумго дуушар болгон аялбы? Бироонун аялына коз артпай озундун аялынды жакшы кара деген соз бекерден айтылган эмес. Чындап никен болгондон кийин кысчу жерди кысып жашаш керекда. Баканын озу чолдо ойу колдо дегенден болбой
+2
Benazir08
2018-03-14 00:29:23
Эр соройдун айынан омур бою тагдырына балта чаапсын да каап. Андан коро озун учун жашабапсын. Бирок айтыш кыйыыын
0
Fanatic
2018-03-14 00:49:19
Жаман иш болуптур, кызганыч бул рак ооруусунанда кучтуу деп бекеринен айтпайт да.
0
K.peri96
2018-03-14 01:38:20
Iiii adamdar emne bolup baratat jon ele jawai beriwse .
0
naziman
2018-03-14 11:34:27
ичип алып кызганып ушундай ишти кылган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан