Бишкекте Мерседес-Бенц унаасын ээсинен коркутуп тартып алууга шектелип кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

"Бишкекте Мерседес-Бенц унаасын коркутуп алып кетүүгө шектелген жарандар кармалды. Аларды текшерүү учурунда жанынан "Макаров" тапанчасы да табылды", - деп маалымдады бүгүн, 12-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын тургуну баасы 277 миң сом болгон Мерседес-Бенц унаасын белгисиз адамдар коркутуу жолу менен тартып алганын укук коргоо органдарына билдирген.

"Аталган кылмышка шектүү деп 1977-жылы туулган Р.Б. жана 1984-жылы туулган А.М. кармалды. Алардын жанынан тапанча менен 9 миллиметр калибриндеги 5 ок табылган. Ал эми Р.Б. аттуу жаранды текшерүү учурунда 5,6 миллиметр калибриндеги 57 ок жана 12 миллиметр калибриндеги 2 ок табылды. Мындан сырткары алар кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде болгон", - дейт ШИИББдин маалымат катчысы.

Анда белгиленгендей, табылган куралдар экспертизага жөнөтүлүп, аталган иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2018-03-12 14:27:12
Тизменерди урайын силердин жок кылыш керек озу туп тамырынан бери буга окшогондорду!
0
TalaCSKA
2018-03-12 14:33:20
Машинасын тарттырган озу кидальшик акчасын бербей качып жургондо черныйларга айтса ушунтип эч нерсе бербей кутулайын деп заявление жазыптыр.
+3
rysik79
2018-03-12 14:34:37
ЖонДон жон эле кантип тартып алсын. Бирдемеси карыз марыз болгон учун да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан