Ош облустук прокуратура тарабынан Өзгөн районундагы бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы 15-июлда Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында бала бакча куруу боюнча Ош облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы "Э.Н" ЖЧКсы менен 20 миллион 652 миң сомдук келишим түзгөн. "Келишим боюнча, бала бакчанын крулушу 2016-жылдын 25-августуна чейин аякташы керек болчу. Бирок курулушка бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз менчиктештирилип, бала бакча мөөнөтүнө чейин бүтүрүлгөн эмес. Келишимге кол койгон тараптар мамлекеттик бюджетке 3 миллион 979 миң сом зыян келтирген", - деп жазылат маалыматта.
Бул факт боюнча "Кызматтык жасалмачылык", "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду.