Түркиянын Измир шаарындагы мейманканадан чыккан өрттөн жаракат алган М.Ж. аттуу кыргыз кызынын бир тууган эжеси Түркияга сиңдисине барууга камданууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.
"Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында чыккан өрттөн жабыркаган Кыргыз жараны М.Ж.нын абалы оор бойдон калууда. ТИМдин Консулдук департаментинин кызматкерлери Кыргыз өлкөсүндөгү туугандары менен байланышта болуп жатышат. Акыркы маалымат боюнча өрттөн жабыркаган жарандын эжеси Түркияга, сиңдисине барууга камданууда", - дейт Кулукеева.
Эске салсак, Түркиянын Измир шаарындагы “Алижан” мейманканасында өрт чыгып, 4 адам жаракат алып, алардын экөө оор абалда бейтапканага жаткырылган. Алардын бири Кыргыз жараны болгон. Өрттөн жаракат алган М.Ж.нын омурткасы сынып, ага аймактагы Тепежик илим-изилдөө госпиталында операция жасалган.