Ошто өткөн футбол боюнча эл аралык мелдеште өзбекстандык "Истиклол" командасы жеңишке жетти

Ош шаарында өткөн футбол боюнча Сулайман-Тоо кубогу аталышындагы эл аралык мелдеште өзбекстандык "Истиклол" командасы жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

Ош шаарында жайгашкан Асылбек Момунов атындагы футболдук академиянын талаасында орун алган мелдеште 8 команда катышты. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 7 команда жана Өзбекстандан 1 команда күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында финалдык беттеште өзбекстандык "Истиклол" менен Футболдук академиянын футболчулары кез келди. Анда өзбекстандык футболчулар талаа ээлерине мүмкүнчүлүк бербей 5:0 эсеби менен жеңишке жетти.

3-орунду Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" командасы ээледи. Алар коло медаль үчүн беттеште "Li-Ning" командасына туш келип, 3:0 эсебинде жеңишке жетти.

Мелдешке катышкан командалар: "Истиклол” (Фергана, Өзбекстан), “Ош”, “Li-Ning”, “Футбол академиясы” (Ош), “Кызыл Мехнат”, “Жалал-Абад”, “Нефтчи” (Кочкор-Ата) жана "Шахтёр” (Кызыл-Кыя).

Ошондой эле мелдештин жыйынтыгында мыкты футболчулар жеке белектер менен сыйланды:

Мыкты дарбазачы - Роман Мирзакандов (“Футбол академиясы”);

Мыкты коргоочу - Алмазбек Маликов ("Нефтчи");

Мыкты жарым-коргоочу: Келечек Касымов ("Li-Ning");

Бомбардир - Эльёр Акбаров ("Истиклол");

Мыкты оюнчу - Риза Айвазов ("Истиклол");

Мыкты машыктыруучу - Хуршит Лутфуллаев (“Футбол академиясы”).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gitaris93
2018-03-12 13:55:13
Кыргызстандын 8 командасын Озбекстандын 1 командасы эле женди дейби? Аппээй шарманда эл укпасын болгондо да 5:0 эсебинде. уят уят жана дагы уят
+4
Shekeev969798
2018-03-12 15:36:07
Шалпык болсок ошодо Дагы бироо чыгат азыр Чондорго асылып баарына ошолор куноолуу деп алар утул дегенсип! шылтоо даяр да, Акча бербеди
0
anuvar0903
2018-03-12 15:50:19
Ии 7команда бир командага каршы чыга алышкан жокпу?
+1
nurgaz
2018-03-12 16:45:26
Баардыгын эле тан калгандай жазыпсынар, узбекстандын футбол командалары кучтуу экенин баарын билесин. Узбек футболу азияда кучтуу.
0
Hacker99
2018-03-12 22:50:07
Бизде футболдун кучу жок эгер ушуга жакшы конул бурулса буюрса дуйнолук чемпионатка чыгып чемпион боло турганбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан