Кыргыз бильярдчы Дастан Лепшаков Орусияда өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

Кыргыз бильярдчы Дастан Лепшаков Орусияда 9-11-март аралыгында өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Калининград шаарында өткөн мелдеште 6 өлкөдөн келген 32 спортчу күч сынашкан, алардын арасында 2 Кыргыз бильярдчы катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында, Дастан Лепшаков орусиялык Леонид Швыряев, Иосиф Абрамов жана Виталий Коновалов, өзбекстандык Шахзод Мамиров жана Кыргыз бильярдчы Азиз Мадаминовду жеңип, чечүүчү беттеште орусиялык Александр Чепиковду жеңип алган. Муну менен Лепшаков жеңүүчү аталып, кубоктун ээси аталган.

Ал эми, дагы бир Кыргыз бильярдчы Азиз Мадаминов 5-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
33SUUN
2018-03-12 16:18:19
Мына кундун мыкты жанылыгы.Молодец!!!
+2
KGstan1981
2018-03-12 16:23:24
Аты кыргыздын аты фамилиясы Лепшаков.Эмнеси болсо дагын азаматсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан