Бишкекте 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп бара жаткан келинди унаа сүзүп кеткен жерге орнотулат делген жол чырак дале орнотула элек

Жол жээгинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп турган келинди унаа сүзүп кеткен Бишкек шаарынын Элебесов-Витебский көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат делген жол чырак дале орнотула элек. Бул тууралуу 12-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун кабарлады.

"Бул жерге келишип, 1 айдын ичинде жол чырак орнотулат деп убада берип кетишкен. Бирок арадан бир айга чукул убакыт өтсө да дале орнотула элек. Бирөөлөр келип, майыптар арабасы өтө ала тургандай кылып оңдоп кетишкен, бирок жол чыракты куруу боюнча жадакалса чуңкур да казыла элек", - дейт жергиликтүү тургун.

Эскерте кетсек, 9-февралда кичи автобус жол четинде баласын көтөрүп турган келинди сүзгөн. Келин алган жараатынан улам ал ооруканада каза болсо, кызына операция жасалып оң буту кесилген. Ал эми кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Кийин Бишкек шаарынын мэриясынан 15 көчөнүн кесилишине жол чырак орнотуларын, алардын арасында Элебесов-Витебск көчөлөрүнүн кесилиши да бар экенин кабарлашкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aza17
2018-03-12 19:28:36
Кочонун атын озготкончо ушундай кооптуу жерлерге жол чырактарды орнотуу к.к. Мээрбек. Кочонун атын озготуу учун канчалаган акча сапталат ошол акчага жол белгилерди койуп жоо отмокторду сырдап жол чырактарды орнотуу к.к. Мына сага пайдалуу жана сооптуу жумуш Мээрбек.
+4
aerforce
2018-03-12 21:28:56
бугун ошол жерден пешеходко токтосом маршрудка менден айланып отуп кетти пешеходту сузуп кете жаздады аваринкамды жаксамда карабай коруп туруп отту негизгиси айтып келе жаткам келинчегиме эң биринчи ошол маршрутниктерди каттуу козомолго алыш керек
+1
nuri1
2018-03-12 21:50:36
Кыргыздыкы кырк жылда.
0
jazy
2018-03-13 01:50:20
Жеп жуткурла пешком журбойт карапайым элге баштары деле оорубайт акмактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан