Кыргызстандын грек-рим күрөшчүлөрү Таиландда өтүп жаткан Азия жаштар чемпиондугунун финалына чыгышты. Эл аралык күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, мелдештин алгачкы күнүндө килемге жалаң грек-рим күрөшчүлөрү чыгышты. 96 килограммга чейинки салмак категорияда өлкөнүн чемпиону Камбар Жоробеков индиялык Дагара Правеена менен кореялык Сенг Таек Жунгду утуп, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Эми ал ирандык Абдулрахим Гариб Кааби Хайдер менен күч сынашат. Ошондой эле финалга Самат Шырдаков чыкты. Ал финалга чейин үч беттеш өткөрүп, Кытай, Түштүк Корея жана Ирандын өкүлдөрүн жеңди. Мындан сырткары коло медалын кыргызстандык Асхат Аманбек уулу жана Фарзад Надировдор эч кимге алдырышкан жок. Старттык кармашын уттурган Эрлан Садырбеков чемпионаттан четтетилди. Айта кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Азиянын жаштар чемпиондугу кечээ, 13-июнда, Таиланддын Пхукет шаарында старт алган.