Ошто "Йакын Инкар" тобунун 9 мүчөсү эркинен ажыратылды

Ош облусунун аймагында "Йакын Инкар" тобунун 16 мүчөсү кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен анын 9у эркинен ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 9 жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-3-бөлүктөрүндөгү кылмыш белгилери боюнча 3 жана 4 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөө үчүн сот залынан камакка алынды.

Бул жарандар 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын Инкар" агымынын мүчөлөрү катары Кара-Суу районунда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Мындан сырткары 7 жаранга карата тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Алардын алтоо Араван районунан, бирөө Өзгөн районунан кармалган.

"Йакын Инкар" - "дааватчылар" деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
atanazarov10
2018-03-13 08:53:53
Жалан туугандарда. Турмодо аларды жон жаттырбаш керек, эшектей иштетиш керек. Аларды коргом да зонанын ичинде да болунуп, положенстерге баш ийбей болок журушот. Служба кылганда коргом
0
Alinur
2018-03-13 09:09:43
Тообо кылдым акыркы убакыттарда динде да ар кандай нерселер чыгып жатат. АЛЛАХ баарыбызды озунун туз жолунан адаштырбасын.
+8
Refiri87
2018-03-13 09:18:34
Ахлю Сунна бекем жабышып журуш керек фитна кучоп барабан кез
+4
Komrad
2018-03-13 09:56:33
Жамаат мамаат, топ соп, таблиги маблиги баарын тыйыш керек
0
nuri1
2018-03-13 11:29:49
Азыр дин аркылуу адамдарды оз кызыкчылыгна колдонуп жатышат. Кооз создорго ишенбейлик. Бейишти укмак бар, кормок жок. Ишеним журокто гана болот. Азыр исламда деле секталар коп болуп кетти. Ар бир сектанын оз озунчо учениялары бар. Жанагы элге акыл уйроткон дааватчыларды да таптакыр тыйыш керек, Таблиги жааматын баш кылып.
-2
JaneEr
2018-03-13 13:59:38
nuri1,Чубак ажыны жана Абдишукур
Нарматовду ээрчип жамаат менен
кетсек адашпайбыз. Даваат керек нерсе.
Алар исламды жайылтып элге жеткирет.

+1
pat12
2018-03-13 15:35:12
JaneEr,
Чубагындын акылы озунорго буюрсун. Созун уккум да келбейт. Корбогон бейшин элге айтып. Аман эле болсун молдолор.
-4
Refiri87
2018-03-13 18:08:12
pat12,коргун келбесе комур жала сени Ким жараткан айтчы ушуга жооп берсен ?
+1
Azatbek83
2018-03-13 15:22:27
nuri1,эй даун төө десе бее дейсиң да атеист!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан