Ала-Букада чек ара кызматкеринин огунан ефрейтор каза болду

Ала-Букада чек ара кызматкеринин огунан ефрейтор каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №2030-чек ара аскер бөлүгүндө Б.Д.уулу аттуу аскер кызматкери Т.Б. аттуу ефрейторду атып алды. Чек ара кызматы "кокусунан атып алды" деп билдирүү таратты. Октон жаракат алган аскер кызматкери ооруканага жетпей каза болду.

"Учурда бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Окуя болгон жерде Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ZhanMM
2018-03-13 09:16:26
Албетте кокустук дечи, бирок ушинтип эле адам өмүрү кыйылып кала береби?
+3
Refiri87
2018-03-13 09:16:33
Иликтеш керек ато атып кокустук деп постановка кылып койушат
+4
Dalil
2018-03-13 11:02:23
Курал колдонуу эрежелерин сактабаган учурда албетте кокустук болот. Аскерде кызмат өтөп жүргөн убагыбызда 2 смена болуп караулга чыкчуубуз. Наркы сменадагылар посттон келгенде өз алдынча куралдарын текшерчүү экен. Бир жолу түнкү саат 12де атылган октон теревога болду. Көрсө посттон келип өз алдынча магазинди чыгарбай (чыгардым деп ойлоп) контролдук спуск кылыптыр. Бактыга жараша жерге каратып аткан экен эки ок тең бир жоокердин бутунун айланасына тийиптир. Курал адашканды кечирбейт.
+2
tmttmt
2018-03-13 11:09:13
Аскер кызматкерлерине кыйын эле
бирө үчүн баары дегендей
кокустан атып алган аскер үчүн
командирлери баш болуп иштен айдалса керек
0
nuri1
2018-03-13 12:14:53
Атып корбогон атып олтурот. Ат корбогон минип олтурот.
-1
munduz2016
2018-03-14 12:07:33
Бул жерде кандайдыр бир нерсе болгон,эч качан ачыкка чыкпай турган.
0
munduz2016
2018-03-14 12:07:47
Бул жерде кандайдыр бир нерсе болгон,эч качан ачыкка чыкпай турган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан