КҮНСЕРЕП: 1 кычкач = 600 доллар. Жаңыланган ТЭЦте дагы кандай былыктар катылуу?

Бүгүн, 13-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Эсептөө палатасынын мурдагы кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш ишин кароо учурда Бишкек шаардык сотунда жүрүп жатат. Шаардык сот Шыкмаматовго акыркы сөз берип, чечим чыгарары күтүлүп жаткан. Айыпталуучу ооруп жатканын айтып, адвокаттардын өтүнүчү менен отурум 22-мартка жылдырылды.

Депутат Шыкмаматов "аялынын автоунаасын ортомчу фирма аркылуу Эсептөө палатасына базар баасынан кымбат сатып, мамлекетке 3 миӊ доллар зыян келтирген" деп айыпталууда. 2017-жылы декабрда Биринчи Май райондук соту Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыкты. 3 миӊ доллар учурда 205 миӊ сомдун тегерегиндеги акча. 205 миң сом үчүн сот Шыкмаматовдон 5 миллион сом өндүрүп алганы турат. Ал эле эмес, шаардык сот Шыкмаматовду кылмыш ишине айыптуу деп тапса, анда ал Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан да ажыратылат. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев абакта отурган маалда Шыкмаматов фракция лидерлигин колго алган. Эгер шаардык соттун депутатты айыптаган чечими чыкса, анда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы дагы бир активдүү депутатынан, фракция лидеринен ажырайт. Аталган фракцияда Бишкек шаардык сотунун чечиминен улам жакында гана дагы бир оппозициядагы активдүү депутаты Аида Салянова мандатынан ажыратылган.

Алмамбет Шыкмаматовго каршы козголгон кылмыш иши, сот процесси сөз болуп жаткан учурда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаӊылоодогу цифралар көӊүлдү бурат. Башка өлкөлөрдүн мисалына салыштырып караганда ЖЭБ абдан кымбат жаӊыланганы тастыкталып жатат. Мисалы, Тажикстан 400 мегаватт кубаттуулуктагы ЖЭБди 349 миллион долларга куруп, 1 мегаваттын баасы 872 500 доллардан айланган. Грузияда 230 мегаваттык ЖЭБ 159 миллион долларга курулуп, 1 мегаватт 691 300 долларга бүткөн. Ал эми Бишкек ЖЭБин жаӊылоого (курууга эмес) 386 миллион доллар жумшалып, станциянын энергетикалык кубаты 300 мегаватка күчөтүлдү. Бизде 1 мегаваттын баасы 1 миллион 286 миӊ доллардан айланды. Башкача айтканда 1 мегаватт Грузия курган ЖЭБдикинен 594 700 долларга кымбатка түшкөн. Жалпы алганда Бишкек ЖЭБинде 1 мегаватт Тажикстандагыдан 413 500 долларга, Грузиядагыдан 594 700 долларга, Армениядагыдан 146 миӊ долларга кымбатка бааланган. Көрүнүп тургандай, Бишкек ЖЭБи рынок баасынан эселеп кымбатка жаңыланган. Баалардагы бул айырманы да мамлекеттик органдар, сот Шыкмаматовго айып салынгандай тийиштүү чиновниктерден төлөтүп алабы? Анткени ал акча мамлекетке колдоо, грант иретинде эмес, кытайлык банктан кредит иретинде келген. Демек, ар бир салык төлөөчүдөн чогулган салымдын эсебинен өлкө 2024-жылдан тартып бул карызды төлөп башташы керек болот.

Шыкмаматовго шаардык соттун чечими жакын арада чыгат. Бул иштин алдында "Ата Мекендин" командасы ЖЭБди жаӊылоого кеткен чыгымдар боюнча талкуу жараткан маалыматтарды таратууда. Станцияга модернизациялоонун алкагында 128 видеокамера орнотулганы, алардын ар бири 14 500 доллардан алынгандыгы талкууланып жатат. Интернетте "14 500 долларлык 1 даана автоунаа үчүн Шыкмаматов Бишкектин райондук соту тарабынан жазага тартылды, ЖЭБге кадимки кытайлык видеокамералар 14 500 доллардан, базар баасынан эселеп кымбат алынгандыгы үчүн жооптуу адамдар жазалансын", - деген пикирлер көп айтылууда.

Ал эми "Улуттук энергетикалык холдинг" камералар 14 500 доллардан эмес, 300 доллардан алынганын, жалпы видеобайкоо системин орнотуу ишине 1 миллион 738 миӊ 503 доллар коротулганын билдирди. Кандай түрдө коротулса да, "Улуттук энергетикалык холдинг" ЖЭБге видеокамера орнотууга эле 1,8 миллион долларга жакын акча жумшалганын ырастап, болгону акчанын көбү камераларды сатып алууга эмес, жалпы орнотуу-монтаж иштерине жумшалды деп жатат. Бишкектеги интернет дүкөндөрдө видеобайкоочу камералардын баасы 13 доллардан баштап 480 долларга чейин деп көрсөтүлүп турат. Асман чапчыган баалар камера менен эле бүтпөйт, долбоордо 1 даана кычкач 600 доллардан сатып алынганын ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жар салды. Экс-чиновник ЖЭБ техникалык-экономикалык негиздемеси жок курулгандыктан, сумманы 386 миллион долларга чыгаруу үчүн бааларды асмандан алып эле жаза беришкен дейт. Өмүркул уулу айткандай, ар бири 14,5 миӊ доллардан алынды деп сөз болуп жаткан камералар кадимки эле камералар. Мыйзам баарына бирдей иштесе, коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрсө, анда ЖЭБди жаӊылоого коротулган ар бир доллар, ал иштер үчүн сатып алынган ар бир буюмдун реалдуу базар баасы, эмгектин реалдуу бааланышы эсептелинип, көмүскөгө кеткен акчанын дайыны чыгыш керек. Учурда иликтөө жүргүзүп жаткан депутаттык комиссия мына ушундай суроолордун так жообун табуу менен элдин ишенимин кайтара алат...

Президент Сооронбай Жээнбеков Дамир Сагынбаевди Коопсуздук кеӊешинин катчысы кызматына дайындады. Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 26-октябрында бул кызматка Алмазбек Курманалиевди дайындаган болчу. Ал президенттик кызматка Сооронбай Жээнбеков киришкен соң, 18-декабрда кызматтан кеткен. Ошентип 3 айдан бери бул орун бош турган. Сагынбаев буга чейин аталган кеӊештин катчысынын биринчи орун басары эле.

Сагынбаевди кабыл алган президент аны менен Коопсуздук кеңешинин үстүбүздөгү жылдын 8-февралында өткөн жыйыны, анда көтөрүлгөн маселелер, кабыл алынган тапшырмалар тууралуу сүйлөштү. Коопсуздук кеӊешинин 8-февралдагы жыйыны Жээнбековдун УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Финпол жана сот органдарын коррупцияга батып калды деп кескин сындаганы менен көпчүлүктүн эсинде. Сагынбаев Коопсуздук кеӊеши акыркы 2 жылда токтотулган же жабылган кылмыш иштеринин тизмесин алып, анализдеп чыкканын билдирди. Материалдар президентке таанышып чыгууга берилди. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында иштегендердин декларацияларын текшерүү механизми иштелип чыкканын, бул боюнча жакында өкмөттүн токтому чыгарын айтты. Сагынбаев президентке бардык мамлекеттик органдарда системдүү коррупцияны жоюу иши башталды деп маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштө Башкы прокуратура-УКМК-сот үчилтигине таянып иш жүргүзсө, президент Жээнбековдун тушунда Коопсуздук кеңеши биринчи планга чыгарылды. Жээнбеков президент катары жарандардан түшкөн кайрылуулар менен жеке өзү таанышып жатканын, ар бир кайрылууга реакция болушу керектигин айтып жатат. Анын далили катары ажо Япониялык жарандын арызы менен ачылган кылмыш ишин көзөмөлгө алууну Коопсуздук кеӊешине тапшырды. Ушундай окуялар Жээнбеков менен мурдагы президенттин кадрларынын ортосунда иштешүү көпкө созулбайт деген жоромолдорду күчөтүүдө...

Жарандарды Бишкекте бак-дарактардын массалык түрдө кыйылышы чочулатып жатат. Интернет желесинде шаар башчысы Албек Ибаримовду "дарак кескич" деп атап, сындагандар көп. Мэриянын билдиришинче, 2017-жылы шаарда 2900 түптөн ашык дарак кыйылган. Быйыл оӊдоо-курулуш иштерине байланыштуу 2500дөй дарак кыйылып, ордуна 12 миӊдей көчөт отургузуу пландалууда. "Жашылдандыруу" ишканасынын адиси Элнура Жолдошованын айтымында, отургузула турган дарактардын 7187 түбү жазы жалбырактуу чоң дарактар, 1030 түбү ийне жалбырактуу, калганы декоративдик дарактар.

Азырынча дарактарды кыюуга каршы шаардыктарды мэрия ушундай убада менен сооротууда. Шаардын жашыл аймагы азайбашы үчүн кыйылып жаткан көп жылдык дарактардын ордуна бир нече жыл мурун көп жылдык дарактар отургузулуусу керек болчу. "Ала-Тоо" аянтындагы жана башка жайлардагы чакага отургузулган арча сымалдар кыйылган дарактардын ордун толтура албайт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан