Футбол боюнча АФК кубогу: Бүгүн "Алай" түркмөндөрдүн "Ахал" клубу менен кез келет

Бүгүн, 13-мартта футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 2017-жылдагы чемпиону "Алай" АФК кубогунун 2-турунун алкагында түркмөндөрдүн "Ахал" клубу менен кез келет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Маалым болгондой, "Алай" сары түстөгү, ал эми талаа ээлери ак түстөгү футболка менен оюн өткөрөт. Оюнга башкы калыс ирактык Тамер Мохаммед болот. Бүгүнкү күндө D тайпасында "Алтын Асыр" командасы 3 упай алып, жеке көрсөткүчтөрү менен сап башында. 2-болуп "Истиклол" келе жатса, 3-тизмекке "Ахал" жайгашкан. Ал эми "Алай" 4-саптан орун алган.

Белгилей кетсек, өлкө чемпиону 1-турдун алкагында түркмөндөрдүн "Алтын Асыр" командасына 6:3 эсебинде жеңилип калган. Анын каршылашы "Ахал" тажиктердин "Истиклолунан" 1:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2018-03-13 15:03:13
Фк ош алай бугун уткулачы бир жыргайлы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан