Бүгүн, 14-июнда Бишкекте күч түзүмдөрүнүн өкүлдөру футбол талаасында жолугушат. Мелдешке Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ИИМдин ички аскерлеринин жана академиясынын кызматкерлери катышууда. Мелдештин максаты - өздүк курамдын спорт менен үзгүлтүксүз машыгуусун ишке ашыруу, күч түзүмдөрүнүн арасынан күчтүү команданы аныктоо болуп эсептелет. Эскерте кетсек, мелдеш ички аскерлердин биринчи кол башчысы, генерал-майор Анарбек Шамкеевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда.