Бишкек шаарында жаранды коркутуп, 15 миң сомун алып кеткен деп шектелип 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-марттан 8-мартка караган түнү 29 жаштагы жана 25 жаштагы 2 кыз борбор калаада жашаган кыздын үйүнө кирип коркутуу жолу менен 15 миң сомун алып кеткен. Кийин 10-марттан 11-мартка караган түнү да ошол эле жарандын үйүнө кайра барып акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу милиция кызматкерлерин чакырып, алар окуя болгон жерден алыс узай электе кармалган.
Ошондой эле аталган маалыматта шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилгени айтылат.