Ош шаарында 28 жаштагы адамды белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп, акча талап кылган 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Окуя 8-март күнү болгон. Анда Ош шаарындагы ресторандардын биринин алдында турган 28 жаштагы жигитти белгисиз адамдар күч менен унаага салып, алып кетишкен. Андан соң башына тапанча такап акча талап кылышкан. Жабырлануучунун жанында акчасы жок болгондуктан алар уюлдук телефонун алып, из жашырышкан", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле басма сөз кызматынан бул окуя боюнча 168-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 25 жаштагы эки жаран кармалып, камакка алынганын, алардын жанынан травматикалык тапанча табылганын да кабарлашты.
Ал эми жабырлануучу бул окуядан эч кандай жаракат алган эмес.