Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен Тажикстанга 24 тонна күйүүчү майды алып кирип бара жатышкан 2 адамды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чек ара кызматкерлери 13-мартта 24 тонна күйүүчү майды көзөмөл өткөрүү бекетинен башка жерден аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылган 2 адамды кармашкан. Алардын аты-жөнүн такташканда Тажикстандын жарандары экени белгилүү болгон. Кармалган адамдарга мамлекеттик чек аранын талаптарын бузгандыгы үчүн айып пул салынып, ал эми күйүүчү май Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.