Бүгүн, 13-марттан 14-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери орун алат. Анда Манчестер шаарында жергиликтүү "Манчестер Юнайтед" испаниялык "Севилия" командасын кабыл алат. Ал эми италиялык "Рома" өз талаасында украиналык "Шахтёр" клубу менен беттешет.
"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Севилия" (Испания)
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 0:0
Стадион: "Олд Траффорд", Манчестер шаары.
Калыс: Данни Маккели (Голландия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек убактысы боюнча).
"Рома" (Италия) - "Шахтёр" (Украина)
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:2
Стадион: "Олимпико", Рим шаары.
Калыс: Альберто Ундиано Мальенко (Испания)
Башталышы: 01:45 (Бишкек убактысы боюнча).