Бишкекте соодагердин зер буюмдарын уурдаган деп шектелип 50 жаштагы адам кармалды

Бишкек шаарында зер буюмдарды уурдоого шектелип 50 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-мартта Бишкек шаарындагы базарлардын биринде иштеген соодагер 74 миң сомдук зер буюмдарын уурдатканын айтып, милицияга кайрылган. Кийин иликтөө иштери жүрүп, соодагердин зер буюмдарын уурдоого шектелип, С.А. аттуу 50 жаштагы адам кармалган. Ага карата 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан