АКШда 10 жаштагы кыз апасын унаа менен сүзүп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, кырсык Нью-Йорк штатында Ниагара шаркыратмасына жакын жерде болгон. Карга тыгылып калган унааны чыгарууга аракет кылып түртүп жаткан апасын кызы унаа менен сүзүп алган. 10 жаштагы кыз адашып унаанын газ баскычын басканда машинаны түртүп жаткан апасы анын алдында калган.
Унаанын алдында калган аял алган жаракаттарынан улам көз жумган.