Орусияда балага кусунду аралашкан тамакты ичирген тарбиячы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Челябинск шаарында жайгашкан бала бакчалардын биринде эртең мененки тамак учурунда балдардын бири тамагынын үстүнө кусуп алган. Ал эми тарбиячы башка балдардын көзүнчө ага кусунду аралашып калган тамакты берүүнү уланткан.
Бул тууралуу тарбиячы өзү ата-энелердин бирине айткан, окуяны бала бакчада тарбияланган кызы да тастыктаганын билдирип ал укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.
Ошондой эле бул бала бакчанын жетекчилиги ата-энелерден мыйзамсыз акча каражаттарын чогултат деген арыз менен да ата-энелер кайрылганын прокуратуранын өкүлү Наталья Мамаева кошумчалаган.
Азыркы тапта аймактык прокуратура тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.