Бишкекте жолго чуркап чыга калган баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу 13-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, жол кырсыгы 13-мартта саат 17:30дар чамасында катталган.
"Бишкек шаарынын Орозбеков жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде баланы унаа сүзүп кеткен. Ал кандай жаракаттарды алганы азырынча белгисиз. Анткени аны "Тез жардам" унаасы алып кеткен, бирок ооруканага жете элек экен. Ооруканадан дарыгерлер карап чыгып, анан ал кандай жаракаттарды алганы белгилүү болот. Учурда окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жолго чуркап чыга калган баланы унаа сүзүп кеткени түшүп калган видео жүктөлгөн болчу.