Орусияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышы болгон жана Орто Азиядан барган адамдарга жасалма документтерди жасап берип жүргөн деген шек менен 60 адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын коопсуздук кызматы тарабынан Москва шаарында жана Москва облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн этникалык кылмыштуу топ аныкталган. Кийин атайын операция жүргүзүлүп, анын алкагында 60ка чукул чет элдик жарандар кармалган жана жасалма документтерди жасоого колдонулган жабдыктар табылган.
Ошондой эле аталган маалыматта бул кылмыштуу топтун "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен болгон байланыштары аныкталганы, алар Ирак жана Сирияга аталган экстремисттик топтун катарын толуктоо үчүн адамдарды жөнөтүп турганы айтылат.