Бишкекте ырчы Самара Каримова баш каармандын ролун аткарган "Илегилек" спектакли эл сынына коюлду

Кечээ, 13-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык “Илегилек” драмасы коюлду. Аталган драманы Ош драма театрынын актёрлору ойноп, башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аткарды. Билет баасы 500 сомду түзгөн спектаклге келген көрүүчүлөр залдын 100 пайызын түзүп, айрымдары туруп көрүштү. Бир саатка созулган драманын соңунда көрүүчүлөр ордунан туруп, 5 мүнөт тынбай кол чабышты.

“Илегилек” спектакли - улуу муун менен жаш муундун көз караштары, баалуулуктарынын кагылышы тууралуу баяндаган драма" деди драматург Султан Раев.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова сахнага чыгып сөз сүйлөдү. Анда актриса Ош драма театрынын актёрлорун спектаклди ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады. Башкы ролду ойногон Самара Каримова спектаклдин ачылышы өзгөчө болгонун белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, 15-16-17-февралда “Илегилек” драмасы Ош шаарында коюлган. Үч күн катары менен коюлган спектакль аншлаг менен өткөн. Билет баасы алдыңкы катарга 750 сомду түзсө, арткы орундар 200 сомдон сатылган.

Самара Каримова башкы ролду жараткан 750 сомдук спектакль Бишкекте коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aliko78
2018-03-14 09:16:22
Офф эми актриса!!! Макул, адамдын аллергиясын козгоп төкмөлүк кылбасан эле боолду.
+12
Zizika88
2018-03-14 10:10:56
aliko78,токмолукда кылып журотго.Ошто токмо акындардын жарышы болгондо Самарада катышкан Жаныл Мырзанын образында чыкан. Ал оноруда бар сиз туура эле айттыныз.
+2
vavilon.
2018-03-14 09:22:05
Тааныш билиш, акчанын күчү менен адам любой нерсени кылса болот экен. Ну мейли өзү да кичине аракет кылып жатат дейли. Бирок Эмгек синирген наамды алууда кичине бет кызаруу керек эле. Ырдаган ырлары болсо жалаң бирөөлөр жазган ырлар, обондор. Өзү обон жарата албайт.
+16
rysik79
2018-03-14 09:35:00
Колунардан келбесе, айла жок завидуем молча деген созду айттырасынар да. Спектакльди аткарыш канча эмгек. Акчасы барлар журбойбу спектакль эмне экенин билбей. Маданиятыбызды которо беришсин. Азаматтар дегенден башка соз жок.
-10
vavilon.
2018-03-14 10:41:39
rysik79, Канчалаган чыныгы таланттуулар бар, бирок Самарага окшоп XXXX колдоо кутбой, тааныш билиш акчасы жок. Чындап маданиятка эмгек синирем десе бир багытты алып кетсин ошого татыктуу болуп, али ага, али буга жуткунбай,. Элибизде жакшы соз бар "эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка өлөт" деген. Же анысын же мунусун кыйратпай орто жолдо калат.
+13
luuntik
2018-03-14 09:59:31
тажатты ушул Асандын аялы
+9
bela77
2018-03-15 12:43:36
luuntik,тажасан корбо!
-2
fantomas
2018-03-14 10:16:51
Реклама... Азыр элге бекер спектакль койсон да зал толбойт. Билет баасы 500 сомдон болуп зал толбой калды деп калп айтуу Кудайга жакпаган калп... Ошол кирген адамдардын 70-80% Асан киргизген адамдар, залды толтуруу учун...

Уялсанар болбойбу Асан менен Самара, элдин силерди корууго козу калбады...
+17
Aznazalai
2018-03-14 10:18:03
Тажатты ушул самара
+6
amirrus
2018-03-14 10:55:20
Аялым мектепте иштечу бир кун билет которуп келди
-Самаранын концертине деп
-Бекерби
-Айлыгыбыздан кармап калат экен
-канча сомдон 2ни алышын шартбы
-300сомдон баарыбызга берди алышка туура келди
анан концертке барбай эле калдык уйдо бирок айлыгынан кармап калыптыр
+16
Ayida
2018-03-14 11:16:00
Мышык майга жетпей сасык дептир
-4
Kominam
2018-03-14 12:29:05
Озу ырчы эмес актриса го билими боюнча, Эмгек синирип койгондо алса жарашмак да наамды!
+3
sapargul
2018-03-14 15:10:45
Самара чыныгы талант сага баары ырдаган да роль аткарган да кийим да сонун жарашат
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан