Кытайда жолборс аны багып чоңойткон зоопарктын жумушчусун өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Фучжоу шаарында жайгашкан зоопарктардын биринде жолборс цирк оюн-зоогу болуп жаткан учурда аны менен бирге темир тордун ичинде калган жумушчуну моюнунан тиштеп алган.
Башка кызматкерлер темир тордун ичиндеги адамды сактап калуу максатында жолборсту атайын таякчалар менен түрткүлөп качырышкан. Бирок адамдын жанын сактап калууга үлгүрүшкөн эмес.
Маркум аны өлтүргөн жолборсту кичине кезинен тартып чоңойтконун зоопарктын жетекчилиги билдирген. Ошондой эле жолборс мурда эч качан адамдарга кол салбагандыгын кошумчалашкан.