Бишкектеги батирлердин биринен 77 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 13-март күнү саат 17:30дар чамасында ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан №59-үйдөгү батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачууга барышкан. Куткаруучулар батирди ачып киришкенден кийин ичинен 1941-жылы туулган Л.Г.И. аттуу үй ээсинин жансыз денесин көрүшкөн. Андан кийин маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aidani
2018-03-14 11:57:45
1941 жылкылар 77 жашка чыктыбы,?
0
Nazik.
2018-03-14 12:01:45
Aidani,эсептеп корунуз да) туура чыгат
0
Aidani
2018-03-14 11:59:03
Мен жапжаш элестетип журупмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан