14-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында англиялык "Манчестер Юнайтед" менен испаниялык "Севильянын" жооптук беттеши өттү. Манчестер шаарындагы "Олд Траффорд" стадионунда орун алган беттеште жергиликтүү команда 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, чейрек финалга өтө албай калды.
Бул беттеште 2-таймдын жарымына чейин эсеп саны 0:0 бойдон сакталып турду. 74-мүнөттө испаниялык команданын чабуулчусу Виссам Бен-Йеддер эсепти 0:1 кылып, 4 мүнөттөн кийин эсепти 0:2ге айлантты. Буга "Манчестер Юнайтед" Ромелу Лукакунун голу аркылуу жооп бергени менен, эсеп 1:2 бойдон калып, "Севилья" жеңишке жетти.
Муну менен "Севилья" футболдук клубу 1958-жылдан бери алгачкы жолу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өттү.
Эске салсак, жарым чейрек финалдын алгачкы беттешинде эки команданын беттеши 0:0 эсебинде жыйынтыктаган.