Сузак районуна караштуу Кайрагач айылындагы үй-бүлө мүчөлөрү көмүрдүн исине ууланып, атасы жана уулу каза болду. Ал эми жубайынын жана кичүү баласынын абалы оор. Бул туурасында Сузак аймактык ооруканасынын башкы дарыгери SUPER.KG порталына билдирди.
Бүгүн эртең менен саат 07:15тер чамасында Кайрагач айылынан көмүрдүн исине ууланган үй-бүлө мүчөлөрүнөн 4 адамды туугандары ооруканага алып келишкен. Иске ууланган үй-бүлөнүн ээси - 1990-жылы туулган А.А. менен 2013-жылы туулган уулу А.Х. ооруканага келгиче каза болуп калышкан. Ал эми маркумдун жубайы 1992-жылы туулган А.З. менен 2015-жылы туулган баласы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Учурда эне менен баланын абалы туруктуу, бирок азырынча эсине келе элек. Дарыгерлер тарабынан бейтаптарга көзөмөл катуу коюлган. Туугандарынын айтымында, алар түн ичинде мешке көмүр салып уктап калышкан. Учурда болжолдуу маалыматтар боюнча үй-бүлө мүчөлөрү көмүрдүн исине ууланышкан", - деп билдирет башкы дарыгер.