Чемпиондор Лигасы: "Рома" өз талаасында "Шахтёрду" жеңип, чейрек финалга аттанды

14-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында италиялык "Рома" менен украиналык "Шахтёрдун" жооптук беттеши орун алды. "Олимпико" стадионунда өткөн беттеш 1:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен жыйынтыкталды.

Беттештин алгачкы бөлүгү 0:0 эсебинде аяктады. 52-мүнөттө "Романын" оюнчусу Кевин Стротмандын алдыга чыгарган пасына жетишкен Эдин Жеко дарбазачы Андрей Пятовду алдап өтүп, ээн дарбазага гол киргизди.

Айта кетсек, Харьковдо өткөн беттеште "Шахтёр" 2:1 эсебинде "Романы" жеңип алган. Муну менен "Рома" конокто киргизген голу үчүн жеңишке жетип, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өттү.

Рома - Шахтер Донецк. Чемпиондор Лигасы 2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rasul94
2018-03-14 12:31:39
Рома дагы эптеп женди.Эми иш алдыда калды
0
Azat.97
2018-03-14 12:38:51
Юнайтедге ишендим эле болбой калды.
0
Real_mir
2018-03-14 13:00:47
Севилья ишеничти актады. шахтер озуно коп ишенип алды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан