Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран унаасын уурдатканын айтып кайрылган. Ал 12-мартта саат 22:00дөр чамасында дүкөнгө кирип кайра чыкканда унаасын белгисиз 2 адам уурдап бара жатканын көргөнүн айткан. Кийин бул иш боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, көп убакыт өтпөй эле аларды кармашкан. Унаа уурдоого айыпталып кармалгандардын бири 31 жаштагы С.Т. аттуу адам болсо экинчиси 25 жаштагы Т.Д. аттуу адам болгон. Аларга карата 172-берене (автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.