Ошто 14 жаштагы кызды 27 жаштагы адам ала качып кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-мартта болгон. Анда эртең менен мектепке бара жаткан 9-класстын окуучусун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Мындан улам кыздын жакындары милицияга кайрылышкан. Издөө иштеринин натыйжасында ал Ош шаарындагы 27 жаштагы жарандын үйүнөн табылган.
"Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалган. Учурда аталган факт боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызды өз үйүнө уурдап барган адамга 123-берене (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле басма сөз кызматынан кармалган жарандын мурда үйлөнгөнүн, 1 баласы бар экенин да кабарлашты.