Бишкекте "Тез жардам" унаасы менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя кечээ, 13-мартта саат 18:45тер чамасында болгон. Анда түштүктү көздөй бараткан Мицубиси-Лансер унаасы Матросов көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматынын унаасы менен сүзүшүп алган. Андан 25 жаштагы медайым жаракат алган. Ошондой эле ооруканага алынып бара жаткан 2 жаштагы баланын баш мээси чайкалганы аныкталган. "Тез жардам" кызматкерине ордунан жардам көрсөтүлүп, ал эми бала №3-балдар ооруканасына жеткирилген", - дейт басма сөз кызматынан.
Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар тартылып, тергөө иштери башталганы айтылат маалыматта.