Тапанчасын жоготуп алган милициянын лейтенанты Т.Б. ички иштер органдарында ИИМдин академиясын аяктагандан кийин Сокулук районундагы Новопавловка милиция бөлүмүндө аймактык инспектор болуп иштеп баштаган. Ал эми 2012-жылы Сокулук РИИБинин Күн-Туу аймактык тескөөчүсү болуп иштеп жүргөндө унааны мас абалында башкарып баратып жол кырсыгына кабылгандыгынан улам жумушунан бошотулган. 2015-жылы Свердлов райондук сотунун чечими менен ал кайрадан Беш-Күңгөй аймактык бөлүмчөсүнө тескөөчү болуп жумушка кирген.
"Табелдик куралды жоготуу фактысы ИИМдин буйругун жана өзүнүн түздөн-түз милдетин так аткарбай, кайдыгер мамиле жасагандыгынын себебинен келип чыккан.